www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигинин инвазивдүү аритмологу менен маек. Жылдан жылга жүрөк дартына кабылгандардын жана өлүмгө учурагандардын саны көбөйүп, эң башкы көйгөйлөрдүн бирине айланды. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи инвазивдүү аритмолог дарыгери Дамир Осмонов ой бөлүштү.
- Учурда Кыргызстан жүрөк оорулары боюнча кандай абалда? Жүрөк ооруларынын эң алгачкы белгилерин айтсаңыз?
- Кыргызстанда жүрөк ооруларынан улам өлүмгө кабылуунун көптүгү боюнча алдыда экени өтө кейиштүү. Бул жагынан белгилер түрлөрүнө карап алмашат. Жүрөк оорусу ритм менен байланыштуу болуп, айрым убакта жай жана бат болушу ыктымал. Эгер жүрөк бат соксо, адамдын кан басымы түшүп, башы тегерениши, демигиши, аба жетпей, көкүрөгү оорушу мүмкүн. Тескерисинче, жүрөк кагышы жай болсо, аз кан айлануусуна байланыштуу башы айланышы же таптакыр эле сокпой, эси ооп калышы да ыктымал.
“Коронардык жүрөк оорусу” деген жүрөк кан тамырларынын ичинде холестеринге байланыштуу тамырдын кан айланышын кысып коё турган оору бар болсо, адам ар бир кыймыл аракеттен соң көкүрөктөгү оордукту сезе баштайт. Анын себеби, тыгылган тамырдын жайгашкан аймагына кычкылтектин жетпегенине байланыштуу күч келген сайын көкүрөгү кысылып, аба жетпеген сыяктуу болуп, көкүрөгүнөн баштап жаагына чейин бере турган ооруну сезет. Токтогондо бул оору азайышы мүмкүн. Күч келтирген сайын бул илдет күчөй берет.
Бул стенокардиянын белгиси. Ошондой эле кан басым көтөрүлгөнүнө байланыштуу адамда баш оорушу ыктымал. Көбүнчө башынын арка жагы ооруйт. Кан басым көтөрүлгөндө көкүрөк кысылуусу сезилип, инсульттун белгилери болушу ыктымал. Ал белгиде адамдын сүйлөөсүнүн начарлашы, сөзү түшүнүксүз болуп, же колу-буту жакшы иштебегендей көрүнүш байкалат.
Эгерде жүрөктүн жетишсиздиги бар болсо, анда адамдын буттары түндө шиший баштайт. Түз жата албай, жаздыктын санын көбөйтө берет. Кээде отуруп уктай турган абалга келип калат. Жатса эле аба жетпей калганын байкаса болот. Оору күчөгөн абалда болсо, бутунун баардык жагы: ичи кошо шишип кетиши ыктымал. Ошондой эле тубаса жүрөк оорулары бар.
- Бул өңүтүнө да токтоло кетсеңиз?
- Тубаса жүрөгү тешик, жүрөгүнүн булчуңдары калың, же тескерисинче, жүрөк булчуңдары ичке болушу ыктымал. Алардын түрүнө жараша, эгер тешик чоң болсо биринчи эле демигүү, чарчоо сезими болот. Жүрөк булчуңдары калың болсо, аба жетпей, башы айланышы мүмкүн. Тескерисинче, жүрөк булчуңу ичке болгон тубаса оору болсо, ал адамдарда өтө кооптуу ритм бузулуулары болуп, өлүмгө чейин барган коркунуч бар. Эгерде адамдарда мурда жок болуп, кийин басып жүргөндө көкүрөктү кысып ооруп баштаса, аба жетпеген учурлар жаралса, буту шишип кетип жатса, түндө түз жата албай калса, түнкү убактарда көкүрөгү кысылып, жүрөгү бат сокконунан ойгоно баштаса, сөзсүз дарыгерге кайрылуу шарт.
- Жүрөк ооруларынын алдын алууга кандай кеңештерди бересиз?
- Акыркы эки жылдагы ковид оорусуна байланыштуу перикардит, миакардит – жүрөк жетишсиздиги дарттары көбөйдү. Мындайда адам алдын алуу үчүн өзүнүн жашоо шартын өзгөртүүсү зарыл. Кыймыл-аракетти көбөйтүп, тамак-ашты рационалдуу жеш керек. Тамак көп өлчөмдө болуп, кыймыл аз болсо, бул организмде май же салмак катары бириге баштайт. Ошондуктан салмакты аябай карап, көбөйтпөш керек. Тамактар арасынан өтө куурулган, ышталган, туздалган тамактарды көп жегенге болбойт.
Жашылчаларды, мөмөжемиштерди арбын жесе туура. Эгер тамеки тарткан, арак ичкен жаман адаттары болсо, ушул адаттарын таштаса өзүнө пайдалуу. Анан уйку эң маанилүү. Айрыкча түнкү уйку биринчи орунда. Айрымдар интернет аркылуу иштеп, же түнү уктабай телефон чукулап, кеч жатып, таңкы 6-7лерде турса, анда ритм бузулуп, кан басым туруксуздугу пайда болуп, жүрөккө да таасири тийбей койбойт.
Булак: Азия News гезити