www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Порошенко Украинага кайтып келди

Украинанын мурдагы президенти, азыркы оппозициячыл саясатчысы отурган учак Киевдеги Жуляна аэропортуна конду. Порошенко Варшавадан учуп келди.

Аэропортто мурдагы президентти жүздөгөн тарапташтары тосуп алышты.

Чек ара көзөмөлүндө Порошенконун паспортун бир нече мүнөткө алып коюшту, бирок нааразылыктан кийин кайтарып беришти жана чек арадан өткөрүштү. Порошенко бийлик аны Украинанын чек арасынан өткөрбөй коюуга шылтоо издегенин бирок бул аракетинен майнап чыкпаганын билдирди. Ал аэропорттун имаратынын алдында топтолгон тарапташтарынын алдында сөз сүйлөдү.

17-январда Киевдин Печерск райондук сотунда Порошенконун баш коргоо чарасы каралат. Прокуратура аны 1 млрд гривен ( 3 млрд рубль) күрөө киргизүү мүмкүндүгү менен камакка алууну талап кылууда. Порошенко буга чейин камакка алынбай турганын билдирген.

Мурдагы президентке мамлекетке чыккынчылык жасаган жана терроризмге көмөктөшкөн деген айып тагылууда. Былтыр 17-декабрда Украинадан Польшага чыгып кеткен экс-президент Петро Порошенко кайтып келүүгө убада берип, айыптоону саясий куугунтук деген.

6-январда сот экс-президент Петро Порошенкого таандык делген бардык мал-мүлктү камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости