www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тергөө же сот иштерине тиешеси болсо, президент дагы барып сурак бериши керек. Кол тийбестигим бар деген түшүнүктөн арылалы. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине маек берип жатып билдирген.

Ал Адахан Мадумаровго байланышкан суроого жооп берип жатып, азыркы система менен мыйзам депутат, министр, ал тургай президентке карабай калганын белгилеген.

"Мен бир дагы оппозициячыны "кама" же "бошот" деп айта албайм. Азыр система иштеп, ар бир орган өз ишин кылып жатат. Кылмыш ишин таптыбы, тергөөгө алат. Эгер тергөөгө албай койсо, жашырганы үчүн өздөрү жооп беришет. Билип туруп эмне үчүн тергөөгө алган эмессиң деген сурак болот. Азыр система жана мыйзам ушундай.

Мурдагыдай "депутат экен, министр экен" деп коркуп отурушпайт. Тергөө же сот иштерине тиешеси болсо президент дагы барып сурак бериши керек. "Кол тийбестигим бар" деген түшүнүктөн арылалы. Антпесек жер сатуулар, коррупциялык көрүнүштөр улана берет. Ошентип барып мамлекетибиз жок болуп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан артыбызда өсүп келе жаткан жаштарга сабак болсун. Кылмыш кылдыңбы, жооп бер!" — деген Жапаров.

Ар бир кылмыш иштин жооп берчү мезгили келе турганын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости