www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бикард» клиникасынын башкы кардиологу менен маек. 

— Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстанда эң көп медицина кызматкери каза
болуптур. Себеби эмнеде?
— Себептери көп эле болду. Эң негизгиси, туура даярдык жүргүзбөгөнүбүз, коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги десек болот Канчалык азыраак коргонсо, ошончолук вирус организмге тезирээк кирет, көбүрөөк жайылат.
— Коронавирустан айыккандан кийин деле жүрөк ж. б. оорулуулар көпкө
жабыр тартары айтылып, запкы тарткандар учуроодо…
— Вирустун өзү жаңы, анын белгилери, дарылоосу жана калтырган издери бүгүнкү күндө ар кандай басылмаларда талкууланууда. Оорудан кийин, тилекке каршы, тездик менен айыкпайт. Айрым бейтаптарда калдык эффекттер байкалат жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин, мисалы, экинчи инфекция сыяктуу
и кыйынчылыктар пайда болот Кардиологиялык бейтаптар деми кыстыгып,
алсырап, өпкөсү жабыркаганда, албетте, биринчи кезекте кардиологго кайрылышат. Ковид менен бул көрүнүштөр көбүнчө окшош болот. Вирустун айыгышы 2-3 айга чейин созулуп кеткенин көрүп жатабыз. Жүрөк эле эмес, өпкө, боор, бөйрөккө чейин таасирин жайылтты. «Болду, айыктым» дегенден кийин деле жүрөгүндө, боорунда көйгөйлөр кездешип жатат. Коронавирусту изилдөө
дагы көпкө уланат.
— Белгилүү дарыгер катары экинчи толкун боюнча пикириңиз кызык экен…

— Белгилүү дарыгер катары экинчи толкун боюнча пикириңиз кызык

экен…

— Негизги себептердин бири — сууктун башталышы. Экинчи себеп — элдин кайрадан мурдагы калыбына келип, көбүрөөк топтолуп, беткап тагынуу, колду таза алып жүрүү, антисептик колдонуу унутулуп баратат. Ушул себептерге байланыштуу октябрь айынын баштарында коркунуч бар. Кавасакиден элдин корккону байкалууда. Кавасакини кан тамырлардын кеңейип кетиши менен байланыштырсак болот Негизи кан тамырлардын кеңейиши жугуштуу эмес, бирок бул коронавирустан улам жаралган дарт болгондуктан, жугуу коркунучу бар.

Булак: Азия Ньюс

Последние новости