www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы Тез жардам клиникалык ооруканасына жана №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттары менен таанышты.
Тез жардам клиникалык ооруканасында министр жандандыруу бөлүмүн, күйүк жана неврология бөлүмдөрүн, ошондой эле интенсивдүү терапия палаталарын көрүп чыкты. Ошондой эле ал оорукананын экинчи корпусунда жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул жерде кардиология, терапия, күйүк жана токсикология бөлүмдөрү жаңыланууда. Оңдоп-түзөө иштери 2025-жылдын декабрь айында башталган жана учурда активдүү темпте улантылууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча Тез жардам клиникалык ооруканасында жана ошол эле аймакта жайгашкан №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 182 млн сом каралган. Оорукананы капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жакынкы эки-үч айдын ичинде аяктоо пландалууда.
Андан соң министр №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, мекеменин ишин уюштуруу жана бейтаптар үчүн инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Учурда борбордо кире бериш бөлүгү реконструкцияланып, имараттын аянты кеңейтилүүдө. Бул максаттарга кошумча каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Иштер аяктагандан кийин каттоо бөлүмүн жаңылоо пландалууда, бул бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, электрондук кезек системасына толук өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунда ички бөлмөлөргө этап-этабы менен косметикалык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалууда. Ал болжол менен үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталат. Мында катталган калкты кабыл алуу штаттык режимде улантылат.