www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5-мартта саат 13:30да К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин концерттик залында «Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу жаштар форуму өтөт.
Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийим күнү катары белгилөө жөнүндөгү токтомунун алкагында уюштурулууда.
Форумдун максаты — ак калпактын тарыхый-руханий маанисин даңазалоо, улуттук кийимдердин баалуулугун жайылтуу жана жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөө.
Иш-чарага Арслан Койчиев, Мелис Мураталиев, Кыяс Молдокасымов жана башка коомдук ишмерлер катышат. Форумдун алкагында баяндамалар жана маданий программа сунушталат.
Министрлик жалпы коомчулукту жана жаштарды форумга активдүү катышууга чакырат.