www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында Жайыл районунда атайын мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин алкагында комиссия мүчөлөрү айыл аймактарында болуп, айыл өкмөттөрдүн аппараттарында, мекеме-ишканаларда жана коомдук жайларда мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча жеринде текшерүү жүргүзүштү. Анын жүрүшүндө кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушунун абалына баа берилип, тиешелүү маалыматтар топтолду.
Ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана соода түйүндөрүнүн ээлерине мамлекеттик тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Комиссия тарабынан расмий тилдин жана башка тилдердин өнүгүүсүнө шарт түзүү менен катар мамлекеттик тилдин мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз колдонулушу зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев да жеринде жолугушууларды өткөрүп, мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонулушун кеңейтүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.