www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемия коркунучтуу шайлоонун шайтан оюндары, элдин тынчтыгы, бакубатчылыгы  тууралуу ойду Дамира Ниязалиева  айым менен  бөлүштүк.

 «Үмутсүз шайтан» дейт эмеспи. Маектешим алдыга койгон максаттар менен  тыгыз байланышканын  айта отурду. - Дамира айым, «пандемия апаатынын экинчи толкуну болуп кетиши ыктымал» деп атышат, Сиздин бул боюнча кандай кабарыңыз бар?

 - Тилекке каршы, пандемия азыр Европада күч алып атат.  Бизге бул апаат кайтып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Азыркы учурда деле толугу менен жоюлбай,  анча-мынчасы катталууда.  Эгерде ар бир жаран өзүн-өзү сакгабаса,  буга чейинки бизге маалым болгон эрежелерди колдонбосо, тез эле жайьшып кетиши мүмкүн. Анткени, бул вирусту жеңил жана симптомдору жок адамдар жайылтышы мүмкүн. Менин байкашымча, азыр көпчүлүк эл таптакыр эле көчөлөп, беткап тагынганды, социалдык аралыкты кармоону унуткандай. Баягы кыйын мезгил кайра келсе, даярдык толук 100% эмес. Ошентсе да «сактанганды Кудайым сактайт» эмеспи. Бошоңдобойлу!

- Бул жолку  парламенттик шайлоо  аламанында  кайсы партия менен  аттанып атасыз?

– Буга чейин ар кыл партиялардан жакшы эле сунуштар түштү. Баардыгына учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирем. Алланын буйругу менен «Кыргызстан» партиясынан талапкер болдум, калганы Кудайдын буйругунан жана эл чечет.

 - Парламенттик шайлоо тьнч өтөбү, добуштар сатылбайбы, эл алданбайбы?

– Шайлоо тынч эле өтөт. Анткени, эл бүгүн тынчтыкты, аман-эсенчиликти, бакубатчылыкты баалап жана каалап турган учур. Канча деген жоготуулар болуп, кабыргалары кайышып, ызалары тарай элек. Бирок, мени капа кылганы  кээ бир жарандар добуштарын соодалашып, 5000-6000 сомго чейин көтөрүп, ар кандай технология менен сатууга жана сатып алууга аракет катуу болуп атканын угуп калдым. Эгерде элибиз добуш сатуу кандай коркунучка алып келерин, анын арты эмне болорун түшүнсө, жүрөгүнөн чечим чыгарат деп үмүт кылам. Учурдан пайдаланып, элиме кайрылат элем: ардактуу элим, бир күндүн кызыкчылыгын самап, келечегибизди жоготуп албайлы !

Булак: Азия Ньюс

Последние новости