www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-мартта, Казакстан Республикасынын адам Укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубата Оторбаевге Д.Асылбек уулунун, Ч.Абакировдун жана У.Мурадиловдун абактагы абалы менен тааныштыруу кагазын жөнөттү.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдын суранычы боюнча коңшу мамлекеттин тийиштүү өкүлү Аскар Шакиров Казакстан Республикасынын Генералдык прокуратурасына абактагы кармалган адамдардын абалы туурасында маалымат берген.

Анда алардын ахыбалы канаттандырарлык жана медициналык жардам алып жатканы маалымдалат. Учурда кармалгандар ЛА-155/1 номурлуу Жаза-аткаруу Департаментинде кармалып жатышат, - деп айтылат Казакстан тараптан жөнөткөн билдирүүдө.

Натыйжада, убактылуу кармоочу жайда бардык шарттар түзүлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле, алар кармалган камераларда, санитардык-гигиеналык жана социалдык шарттар түзүлгөн. Кармалган Кыргызстандын жарандары медициналык кароодон өтүшкөн. Алардын ахыбалы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Андан сырткары кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбек медициналык кызматкерге ал өнөкөт панкреатит менен жабыркап келээрин айткан. Ошол себептен ал, дарылануу үчүн абактын медициналык жайына которулган. Абакиров Ч.А. менен Мурадилов У.Т.өздөрүнүн ден соолугуна байланыштуу эч нерсе айтышкан жок. Алар абактын кызматкерлери тарабынан өздөрүнө карата күч колдонулбагандыгын билдиришти. Прокуратуранын кызматкерлери тарабынан алардын денелеринде эч зыянкелтирилбегендигине күбө болушкан.

Андан сырткары, биздин жарандар юридикалык жардам да ала алышаары маалымдалды. Аткезчилик менен кармалгандар өздөрү жалдап адвокаттын жардамын алышат.

Ал эми, 22-февральда кармалган жарандарыбызга атайын консулдук кызматкерлер барып, жеринен таанышкан жана алар эч нерсеге арызданышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости