www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тиешелүү буйругунун негизинде Дамирбек Ыразаков Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Жаңы жетекчи 2026-жылдын 13-апрелинен тарта 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде кызматка киришти.
Ыразаков Дамирбек Абдикалилович 1986-жылы 16-июлда Ош облусунда туулган. Жогорку билимдүү, тажрыйбалуу педагог жана философия илимдеринин кандидаты.
Ал 2005–2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде «музыкалык билим берүү» адистиги боюнча билим алган. 2010–2013-жылдары К. Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында «эстрадалык вокал» багытын аяктаган. 2015–2019-жылдары ош мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2014–2020-жылдары Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу жана декандын тарбия иштери жана контракт боюнча орун басары;
2020–2024-жылдары Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун директору;
2024–2026-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика, искусство жана журналистика институтунун директорунун орун басары (декан) болуп эмгектенген.