www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 16-апрелинде саат 09:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык -тиричилик объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүлө турган аймактар:

Лермонтов көчөсү - темир жол линиясы – Аламүдүн суусу – Чүй проспектиси – Аламүдүн суусунан  Жибек-Жолу проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспектиси – Никитин туюк көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн  Тыныстанов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Тери заводуна чейин, Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына чейин, андан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна, Лебединовка айылына – Калинин көчөсү, Лермонтов көчөсү аркылуу БЧКга чейин.

Суу «ККСК» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Эске салсак, “Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу билдирмелерди алып турсаңыз болот.

 

Последние новости