www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 8-апрелинде Ош шаарында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды сатуу менен алектенген 1976-жылы туулган А.И.Т. аттуу жарандын жанынан “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө А.И.Т.нын кылмыштуу шериги - 1976-жылы туулган Ш.Н.А. аттуу жаран кармалган. 

Аталган жарандын жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, буюмдарды сактоочу кампанын ичинен “гашиш” баңгизаты табылган. Мындан тышкары,  “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралга тиешелүү 7 даана ок-дарылар жана "АКМ" үлгүсүндөгү автоматтын 3 даана ок-дарылары табылып алынган. Ошондой эле уктоочу бөлмөсүнөн 49 500 АКШ доллары жана 10 000 сом акча каражаттары табылып, тиешелүү протокол менен алынган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Последние новости