www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыландын куйругун басып алгандар эми кокуйлап калат шекилди. Анткени даңазалуу Икрамжан Илмияновдун “Ихлас” курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жок экенин өзү ачыктады. Илгери Уран Ботобеков көздөн кайым болгон. Анткени ал Мелис Мырзакматовдун “арабасын” эметип оокатын кылып жүргөн. Азыр кимдин торпогун айдап жүргөнүн кызыгып койгон жан көрүнбөйт. Анткени жоголгондордун  дарегин табууга эч ким деле кызыкпайт.

Бул ирет Илмияновдун жинин ким кашайтканын тергөөчүлөр  иликтеп анан жиликтеп чыгышаары белгилүү. Ага кошумча болуп Жантөрө Сатыбалдиев да жалган маалыматтарды элге жайылткандарды жөн койбой турганын кабарлады. Ошентип эки лөктүн изине наспай салам дегендердин ( депутаттын, сайттын) оозу төнөлөбү же бир илинчегин таап чыгышабы убакыт көрсөтөт. Ошентсе да кара пиар менен алектенгиси келгендердин сааты чыкканда тилине тибиртке чыгып кетээрин да эскерте кетели.

Бирөөгө асылардын алдында фактыларды таразага салып тактап алыш зарыл экенин да унутушпаса. Кандай  деген менен баары бир Илмияновдун таасири азырынча кайта элек. Кээ бирөөлөр  эртелеп аны чанып, эми колунан балээ да келбейт  деп калышканы эртелик кылат. Икрамжандын бул жолку “аңчылыгы” кандай ийгиликке жетерин аңдап туралы, макулбу?  Мойнуна миллион сом илингенде качып кетишпес бекен?

Бул тууралуу маалыматты “Ачык сөз” гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости