www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 31-июлда Даниэл Ажиевге карата өкүм чыгарган.

Райондук соттун басма сөз кызматы 30- сентябрда билдиргендей, Ажиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 160- беренесинин («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») 1-бөлүгү, 161- берене («Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу»), 261-беренесинин («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») 1- бөлүгү жана 251-беренесинин («Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү») 3-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ал 2 жылдык мөөнөткө ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 9 жылга эркинен ажыратылды. Жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт жана 220 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөө өкүмү чыгарылды.

2023-жылы Э.А. аттуу жаран УКМКга арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ал вебкам студиялардын оператору болуп иштечү. Ал иштөө тартибин бузгандыгы үчүн администратор тарабынан психологиялык басымга кабылган. Администратор зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, арыздануучудан 2000 доллар акча талап кылган.

Бул маалыматтар Даниэль Ажиевге таандык 3 чоң вебкам студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет сайттарда акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүүгө колдонулган 80 компьютер табылган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерден интимдик кызмат көрсөтүп, киреше алып турган кыздарды тартып турушкан.

Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 300гө жакын адамды түзгөн. Алар 18 жаштан 25 жашка чейинки куракта болгон.

Кылмыш ишинин алкагында далилдер алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, тиешелүү айып тагылган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ажиев кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылы 31-майда Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен.

Ага издөө жарыяланып, Ажиев Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына учууга аракет кылып жаткен жеринен кармалган. Ал 4-июнда Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилип, 5- июнда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Последние новости