www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун көйгөйлөрү жана келечеги” темасындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, ИИМдин ЖКККББнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Джоробеков жана ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Доктор Ливиу Ведраско жол кырсыктары дүйнө жүзү боюнча адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө эң коркунучтуу коркунуч экенин белгилешти. Андан соң, алар катышуучуларды заманбап этаптагы жол кыймылынын эрежелеринин эң актуалдуу маселелерин конструктивдүү талкуулоого жана аны ишке ашырууга жана өркүндөтүүгө карата бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эксперттер “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ишин уюштуруу”, “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу контекстинде унааларды камсыздандыруунун орду”, “Балдардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу”, “Коопсуз Кыргызстан үчүн”, “Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда жол кыймылын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы үчүн кенже жетектөөчү курамдын кадрларын даярдоо маселелери” темаларында баяндама жасашты.

Иш-чаранын соңунда ИИМдин ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Джоробеков бүгүнкү конференция жемиштүү өткөндүгүн, актуалдуу жана маанилүү маселеге көңүл бурулгандыгын, ошондой эле айдоо маданиятын жогорулатууга жана коопсуздукту камсыз кылууда айдоочу, жөө жүргүнчү же велосипедчи болобу, ар бир жол кыймылынын катышуучусу негизги ролду ойной тургандыгын түшүнүшүбүз керек экендигин эскертип, бардык катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Последние новости