www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вебкам-студияларынын ээси Даниел Ажиевди абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирет.

Маалыматка ылайык, соттун 24-июлдагы чечими менен УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Камакка алуу тергөө мөөнөтү, башкача айтканда, УКМКнын СИЗОсунда кармоо менен 29-сентябрга чейин узартылды.

Белгилей кетсек, Даниел Ажиев 5-июнда вебкам-студияларынын трансулуттук тармагын уюштурганы үчүн кармалган.

Эске салсак, Даниел Ажиев 2020-жылы улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган. Бирок кийинчерээк ал психикалык жактан жабыркайт деп жарыяланган. Бийлик коронавирустун пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин ал муктаждарга гуманитардык жардам тараткан. Социалдык тармактын колдонуучулары аны сынга алышканда, вебкам-студиясынын уюштуруучусу кыргыз элин кемсинткен видеосун жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости