www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда (№ 146) «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.
Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыкан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган.
Ошону менен бирге конституциялык мыйзам Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат:
• Элдик Курултайды өткөрүү мезгилине шайлануучу делегаттардын сандык курамы аныкталган;
• делегаттарга талаптар, делегаттарды шайлонун принциптери белгиленген;
• Элдик Курултайда каралуучу маселелер, ыйгарым укуктары, башкаруу органдары, ошондой эле Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу тартиби аныкталган.