www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Данияр Абдыкаров өзү берген рапортунун негизинде министрдин орун басарынын кызматынан бошотулду. Анын ордуна милициянын полковниги Мирлан Каниметов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылзагиевдин буйругуна ылайык, Каниметовду өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары Азамат Араев ИИМдин жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Каниметов 1970-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда Кара-Мойнок айылында туулган. ИИМ академиясынын юриспруденция адистигин аяктаган.

Генерал Данияр Абдыкаров ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары болгон. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген. Буга чейин Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрдин уруксатын албай туруп өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган эле. Кийин анын Түркияга барып келгени аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости