www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы – Корумду жолунда иштеген жарандарыбыз 8 айдан бери эмгек акыларын алышкан эмес. Жол курган кытайдын «Лонг Хай» компаниясынын банк эсеби камакка алынгандыктан, салык жана социалдык камсыздандыруу боюнча карыздары дагы көбөйүп кеткен. Депутаттар тобу бүгүн алар менен жолукканы турат, деген маселеге токтолуп, депутат Данияр Аттокуров премьер-министрге Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар министрине жана вице-премьер-министрликке алардын абалы тууралуу суроо узатты.

Премьер-министр Балыкчы – Корумду жолунун курулушуна мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнүп жатканын билдирди. «Азыр финполиция «Лонг Хай» компаниясынын карыздары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул компания бюджеттен алган каражатты башка багытта жумшагандыктан, ушундай кырдаал түзүлүп жатыптыр. Ал каражатты алары менен өзү билгендей жумшайт экен. Ошондон улам, каражаттын жумшалышына көзөмөлдү күчөтүү жаатында чечим кабыл алынды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Транспорт жана жол министрлигинин берген маалыматына караганда, кытайдын «Лонг Хай» компаниясы менен 6 млрд 802 млн сомго келишим түзүлгөн. Компания жумушчуларга 6 млн 700 миң сом карыз. Ал эми жумушчулар 300 адам маянасын ала албай жатканын, көп жумушчулар жумуштан баш тартууга аргасыз болуп жатканын айтышат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости