www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убактарда Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановдун иши жакшы эместиги маалымат булактарында байма-бай жазылып жатат.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, шаар мэри шаардын инфраструктуралык абалын жакшыртуу боюнча эч кандай алгылыктуу иш аракеттерди көрбөй, тескерисинче мэриянын бюджетиндеги каражатты максатсыз пайдаланып, оңду-солду жумшаганы көпчүлүк шаар тургундарын жана ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көбүн нааразы кылып жатыптыр.
Эгер мындай нааразычылык дагы улана бере турган болсо, анда мэрдин "мэрлик" кызматына аз күндө чекит коюлуп калчудай. Ал тургай коррупция беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып калышы мүмкүн экени да кеп болууда.
Булак: “Фабула”