www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак Үйдүн ичиндеги иритмелерди башка бирөөлөр келип чыгара салбайт, туурабы? Так ошол ыйык жерде отуруп алып чүкөнү каалагандай калчайм дегендер уникалдуу ойлоп табуучулук өнөрлөрүн жүзөгө ашыргысы келет.
Албетте, элдин кулагынын учуна жетпей бүткөрүлгөн иштер күндө болбосо да, кай бир учурда тилегине жеткенин тана албайбыз. Кылдат иш жүргүзгөн эпчилдер коомчулукту кымгуут түшүрбөй эле маселесин тынч бүтүрүп ташташат.
Не деген гана “операциялар” ийгиликтүү аткарылып жатканын кабарыбыз жок болгону деле калп эмес. Тилекке каршы кээде алкымын агыткысы келгендер жерди жаза басып алганда оңкосунан сайылып калып жатпайбы. Айрыкча мурдагы президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин жоругу кыйла талашты жаратканы деле ырас. Болбогон бир тыйын үчүн Х. Коркмазовго мурдунан жетеленип Даникең өз тагдырына балта чаап алды. Азаптуу күндөрдү башынан кечирип камактан араң кутулган Нарымбаев эми ай караган текенин келбетине айланды. Канча жулунса да ага мындан кийин ак үйдөн кызмат берилбейт. Соттор арасында да бул кылмыш иши боюнча коррупцияга киреби, же паракорчулукпу деген суроолор жаралып келгени маалым.
Кандай болгон күндө да бул абдан намыска тийчү кылмыш болгонун эскерте кетели. Ошондой жорук ак үйдө болгонунун өзү эле кокуй-наалатка калтырганы чындык да? Эми азыркылар эски кетмендин сабына чекесин томпойтпосо экен деп ниет кылалы.
Булак: "Ачык сөз"