www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Даниянын өкмөтү Украинага аскерий бейпилдик миссиясын жөнөтүүгө даяр экенин жарыялады. Польша мындай миссия идеясын сунуштагандан кийин, Дания Украинадагы тынчтык миссиясына аскер жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Даниянын коргоо министри Мортен Бёдсков расмий билдирди.
«Эгерде бул маселеге келсе, Дания өз милдетин аткарууга даяр. Биздин бул иште он жылдык тажрыйбабыз бар жана мен Дания өз милдетин аткарып, өзгөрүү жасай алат деп ишенем. Мындан тышкары, Балтика өлкөлөрүндө F-16 учактары жана аскерлери менен күчтүү өкүлчүлүккө ээбиз жана ал жакта да штабыбыз бар. Биз бардык сунуштарды кароого даярбыз», - деди Даниянын коргоо министри.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg