www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференциясынын пленардык жыйынында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
«Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Орусия Федерациясынын 81 субъекти менен бекем байланышта иштешип келе жатат. 40тан ашык келишимге кол коюлуп, анын ичинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча макулдашуулар бар. 10дон ашык эки тараптуу боордоштук байланыштар түзүлгөн.
Бүгүн, кыргыз-орус региондор аралык тогузунчу конференциянын алкагында дагы бир катар келишимдерге кол коюу пландалууда.
Дүйнөлүк экономикада түзүлгөн кырдаалга карабастан, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара соода-сатык катышы жыл сайын өсүүдө. Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө Орусиянын үлүшү 2021-жылы 31,6%, анын ичинде экспортто - 24,9% жана импортто - 33,6% түзгөн», - деди министр.
Конференцияда региондор аралык конференция Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын, ошондой эле бизнес жана илимий чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жолго коюу жана өнүктүрүү үчүн эң сонун аянтча экени белгиленди.
Экономикалык мамилелерди чыңдоого соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясы, региондор аралык кыргыз-орус конференциясы, бизнес жолугушуулар, туруктуу негизде өтүүчү миссиялар, инвестициялык форумдар сыяктуу натыйжалуу механизмдерди колдонуу менен кызматташуунун бардык деңгээлдеринде тез-тез жолугушуулар жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр өбөлгө түзүүдө.
Булак: NazarNews.kg