www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төргө өтүү. Кыргыздар уруу-урууларга бөлүнөт. Ар бир уруу ар-намысын бийик тутушат. Уруулар бири-бирине эң эле мыкты мамиледе болушат. Өзүлөрүнүн элдик сапаттарынан тап жылдырышпайт.
Уят болбоо, башка урууга шек алдырбоо үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрүн жасашат. Ички дараметтерин ызаттоо бийик сакталат. Түндүктө көрүнүктүү уруулардан: сарбагыш, бугу, солто, моңолдор, саяк өңдүү уруулар бар. Ата салты боюнча төргө өтүү каадасын сактоо жөрөлгөлөрү болуп келген.
Эгер бир катар даражалуулар чогулган жерде төргө өтүүгө келгенде, мисалы, боз үйдө дейли, жеринен эле моңолдорду биринчи чыгарган, андан кийин черик чыккан, мындан соң катары менен сарбагыш, бугу анан солто, саяк орун алышкан.
Санжырада моңолдордун, абалы, төргө чыгышын, илгеркилер булар кыздан, урмат-сыйды ушулар көрүшү тийишөңдүү сыпайкерчилик болгон. Анан моңолдор, черик бири-бири менен арыдан кошулууары санжырада айтылат.
Устукан алуу. Уруулардын белгилүү адамдары бир табакта олтурганда, устуканды кимдер мурун алаары да белгилүү. Т.а. куймулчак, жамбаш, жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы ирээти сакталат да, улуулата сунулат.
Ошондо дасторкондун чок ортосундагыдан кийин, анын оң тарабы, анан сол тарабындагылар устукан алат. Адатта, баш менен улуу жиликтердин бири же жамбаш кошо келет.
Уча устукандардын ата башы, аны алууда да олтурган сакалдуулардын ичинен, абалы, мошолдорго ыйгарат. Ал жок болсо черик, сарбагыш, бугу, солто, ж.б. урууларынын биринин алдына коюлат.
Бул көл тарапта азыр да бар. Анткени Көл, Нарын бөксөлөрүндө гана уча тартуу салты мыкты сакталган. Куда сөөктөргө, кадырлуу меймандарга уча тартуу - кыргыздын илгертен келе жаткан наркы. Айрым учурда кара кабырга улук дешет. Тыштуу кабырганы тилип, бирден алдыга коюу жөрөлгөсү айрым аймактарда сакталат.
Той берүү салтындагы бөтөнчөлүктөр. Анжияндыктарда, алайлыктарда, ичкиликтерде, аркалыктарда, таластыктарда той берүүнүн ич-ара бөтөнчөлүктөрү билинет. Айрымдары тойдо милдеттүү конок алышат. Той берүүнүн алдында тууган-уруктарын түгөл чакырып, тойду кандай берүү, анда эмнелер болору, союшу, байгелери ж.б. кандай конок алынаары, кийинки салт боюнча ичкилиги, бозосу, кымызы, тууралуу маселе курулат. Ага арнап жандык союлат. Кеп-кеңештен бир жыйынтыкка келет.
Айрым тойлордо алтымыштан кем эмес үйдүн ар биринде он экиден ашпаган милдеттүү конок алат. Анын союшун, күрүчүн, татымалын, нанын, арак-шарабын, бозосун, кымызын бир гана өзү чыгарып, конок тоскон туугандар да жолугат.
Кээлери союшун чыгарат, арагын көздөөчүлөрү да бар. Айрымдары татымалын чыгарып, калгандарын үй ээси берет. Ушундай оош-кыйыш ынтымакта той өтөт. Элдик оюндарга байге коюуда да, ага-инилер, жакшы санаалаштар, тaйaкe-тaйындap, кайын-журттар, жоро-жолдоштор колмо-колдоп кетишет.
Бул - түпкү атанын эзелтен келе жаткан наркы, салты, бири-бирине көрсөткөн сыйы болуп саналат.
Байге коюу. Ар бир той берүүчүнүн ар намысы, ага туугандарында, жерге-жээгинде ичтен күкүрттөй кайнап турганы. Мисалы, «ат чабышта» баш байге эмне? Бир жолу ташталган улакка эмне? Эр эңиште эмне беребиз? Канча жолу балбан күрөштүрөбүз?
Тактап айтканда, улак тартышта алар беш курдай, жети курдай - деп ошого карата байгеси бөлүштүрүлөт. Көбүнчө акча, анан мал-мүлк сайылат. Төө, кош өгүз, жылкы, ондогон кой-эчки байгеге ылайыкташкан. Тойго жер чийип, улак тартып келүү шарты жеринен бар.
Бээ союу. Илгери кыргыздардын эң негизги көлүгү төө, ат болгон. «Ат адамдын канаты» деп, малдын ушул түрү аркылуу күнчүлүк, айчылык жолдор арытылган, аттан ат тандалган. Жоокерчиликте ат - адамдын жан жолдошу, атты аттай минүү, аны кадырлоо зарылчылыгы чыккан.
Ошондуктан, кууса жеткен, качса жеткирбеген, калбыр өпкө, жез канат бул жылкы малына гана таандык. Ар бир үйдө жанга өлчөлүү жалгыз аты болуп, ага камкор дук бөтөнчө көрүлгөн.
Ат союуга караганда бээ союу жеңилдей сезилген. Ат казатка минилсе, эркек бала эл четинде, жоо бетинде болгон. Элин-жерин душмандардан сактагандыктан, кыргыз атада уулдуу болуусу - жоого каршы туруусу.
Милдеттүү коноктун аты. Милдеттүү конок-бейкапар конок. Булардын көбү чабылуучу аттары менен келип түшөт, абалы, анын аты кайсыл чөптү чайнайт, бул суралат. «Менин атым беде чөп жейт», «Менин атым бозот чөп жейт». Мына ошого карата аттар өзүнчө байланат, камкордукка алынат. Чабылбай турган аттарга бир акырдан чөп берет.
Маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун китебинен
Булак: NazarNews.kg