www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президент Владимир Путин орус-кыргыз аймак аралык IX конференциянын ачылышына карата анын катышуучуларына кайрылып, Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилеси өнүгүп жаткандыгын айткан.

Орусия лидеринин сөзү Кремлдин сайтына жарыяланды.

Путин борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, эксперттик топтордун жана ЖМКлардын ортосундагы болуп келген жолугушуулар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганга жана тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.

"Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайда өнүгүп келе жатат. Алардын маанилүүсү — аймак аралык өз ара кызматташуу. Ал соода-экономикалык, социалдык, билим берүү, маданий, илимий-технологиялык жана башка тармактарда болуп, биргелешкен долбоорлор ишке ашып жатат", — деп айтылган телеграммада.

Орусия президенти конференциянын күн тартиби көп маселелерди камтыгандыгын кошумчалап, анын катышуучулары маңыздуу, конструктивдүү талкууларды жүргүзүп, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланышты кеңейте турган жаңы сунуштарды айтышарына ишеним арткан.

Андан сырткары, Евразия айдыңында өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алып баруу боюнча да пикирлердин жаралышы тууралуу айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости