www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Ханды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистика тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Данияр Амангелдиев Элчини ардактуу миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын декабрында Пакистан Ислам Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу мамилелердин жаңы этабы түзүлгөнүн белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы көбөйтүү, ошондой эле инвестициялык жана энергетикалык кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы белгиленди.
Өз кезегинде Элчи Алтамаш Вазир Хан жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Исламабад Бишкек менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастады.
Жолугушуунун соңунда Данияр Амангелдиев Алтамаш Вазир Ханга мазмундуу баарлашуусу үчүн ыраазычылык билдирип, анын дипломатиялык тажрыйбасы эки тараптуу өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.