www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага шектелип 4 адам кармалганын маалымдады.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ишкананын 42 жаштагы мурдагы төрагасы, 45 жаштагы төраганын мурдагы орун басары, тиешеси бар компаниялардын биринин 37 жаштагы директору жана тиешеси бар компаниянын 35 жаштагы мурдагы директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иштин бардык жагдайлары жана дагы башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө иштери уланууда.

Кармалгандардын арасындагы 1990-жылы туулган М.Б. аттуу жаран бар. Ал Салык кызматы жарыялаган иликтөөдөгү аты аталган Байгазы Матисаковдун инициалына туура келет.

Матисаков УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни катары аты аталып келген.

Последние новости