www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Араван районунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу куралга байланышкан мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында “Арсенал” аталышында рейддик иш чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Анда мыйзамсыз сакталган куралдарды аныктоо, каттоодо турган куралдарды сактоо эрежелерин текшерүү боюнча иш алып барылды.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында куралды сактоо жана каттоо тартибин бузгандыгы үчүн 3 жаранга айып пул салынып, 2 даана курал убактылуу РИИБдин карамагына алынды.
Ош ОИИБ эскертет: Мыйзамсыз сакталган куралды тапшырсаңыз, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен кутуласыз.