www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармек департаменти десе эле май талканды элестетишеби, айтор бул жерге жетекчи болуп келүү үчүн медицинага тиешеси бары деле, жогу деле буту үзүлгүчө чуркашат. Айрыкча акыркы дайындоо адистердин оозун аңырдай эле ачырып салды.

Медициналык билими, бул жаатта тажрыйбасы дээрлик жокко эсе болгон Гүлмира Шакированын департаменттин ээрине олтурушу кадр саясатынын кадыры кеткендиги катары сыпатталып, бир катар уюмдар катуу сын-пикирлер менен чыгышкан. “Таанышың болсо танкасың”. Дары-дармек департаменти дары саясатын жүргүзүүдө, мыйзам актыларын даярдоодо, препараттардын сапатын текшерип, элге зыяны тийбей турган дарылар менен камсыздоо саясатын кылдат жана тыкыр жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде ал жердин башында медициналык билими жок экономист олтурса, анда мекемеге болгон элдин ишеними болобу? Бул суроо медицинага эмгеги сиңген кесипкөй кадрлар тарабынан да көтөрүлгөн.

Тилекке каршы, Шакиро­ванын мына ошол орунга татыктуулугу ушул күнгө чейин эске алынбай келет. Мындан улам өзүн-өзү каржылап, бир катар ийгиликтерге жетишкен департаменттин учурдагы жүргүзүп жаткан иши көңүл кубантаарлык эместиги айтылууда. Башка мекемеге алган билими башка жетекчи келсе да мейли дейт элек. Бирок медицина деген бул таптакыр башка нерсе.

Маселен, дарыгерлик кесипти алыш үчүн 10 жылга жакын убакыт окуп, практикадан өтүп олтуруп анан адамды дарылоо процессине аралашат. Ал бизде жалпы дары тармагын тейлеген мекемеге экономист адистиги бар кишини коюп, элдин эсин эки кылышты. Демек мамлекет жетекчилери коомчулуктун пикирин эске алып, татыктууну тандашса...

Экономист каржылык чалгынчы болгон Шакирова жалпы дары саясятын кантип жүргүзөт? “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун”. Буга чейинки кадр саясатындагы жаңылыштыктарды жаңы келген өкмөт башчы да эсине алат деп ишенишет талдоочулар.

Булак: "Фабула"

Последние новости