www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары-дармек тармагындагы коррупция болуп көрбөгөндөй чакан жеткени баарына маалым. Сырттан ташылып келген дары-дармектин баасын көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар бизнес жүргүзгөндөр менен коюн-колтук алышып, олчойгон суммаларды кымырып жатканы тынбай айтылып, жазылып келүүдө. Өзгөчө пандемия учурунда жемкорлорго Кудай берип, дарылардын баасын өздөрү каалагандай көтөргөнүнө, калктын терисин сыйрыганына кубө болдук.

Мындай алешемдикке Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаменти жол берүудө. Алар жасалма жана сапатсыз дарылардан дагы пайда таап келе жатат.

Кыңыр иштери буга чейин аныкталып, коррупциялык багыттагы 10 кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 22 миллион 327 миң 715 сом зыян келтирилгени белгиленген. Департамент тарабынан мыйзамсыз маалым каттар берилип, анын айынан ишкерлер бажы төлөмдөрүнөн жана салык төлөөдөн мыйзамсыз бошотулуп жургөн. Ага катышы бар Рустам Курманов жазаланбай, кызматынан кетүү менен суудан кургак чыгып кеткен.

Ал эми анын командасында жургөн Руслан Акматов департаментти кечээки күнгө чейин кемирди. Финполиция жана УКМК муну тез арада тыкыр текшериши керек. Анткени, так ошол Акматов адамдардын өмүрүн алган «ФС-1» дсген шектүү дары каражатына кол койгон. Анын айынан бир нече кишинин ден-соолугуна олуттуу зыян келтирилип, эки бейтап каза болгон. Таң калыштуусу, эки кишинин өлуму боюнча Башкы прокуратура козгогон иште Акматовдун жоопкерчилиги каралган эмес.

Тырмагынын учуна чейин байыган шумпай учурунда күч түзүмдөрүнүн алаканын майлап кутулганбы? «ФС-1» дарысын сыноодон өткөрүүнү Казакстандын «Инфекцияга каршы препараттар илимий борбору» сунуштап, 300 000 доллар бергени чынбы?

Ошондой эле Руслан Акматов «Тонгкат Али» биокошулмасын дары катары каттатып, салыктан бошотуп жибергендигин, мындан өлкө экономикасы канча зыян тарткандыгын коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Умаров бир жыл мурун казып чыгып укук коргоо органдарына арыз жазган. Ал бүгүнкү кунгө дейре каралбай жатат. Мында да алакан майлоо болгонбу?

Булак: "De Факто" гезити

Последние новости