www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Дары-дармек каражаттарынын электрондук базасы" маалыматтык системасынын экинчи этабын ишке ашырууга бюджеттен 60 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүм башчы Алымкадыр Бейшеналиев бул маалыматтык системаны ишке ашырып жаткан түркиялык TCHealth Information Technology компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Компаниянын аткаруучу директору Салих Гуреш белгилегендей, экинчи этапта төмөнкүлөр пландаштырылууда:

Биринчи этаптын маалымдамаларын жана классификаторлорун тез арада толтуруу үчүн Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин бардык процесстерин жана процедураларын санариптештирүү;

Маркалоонун негизинде дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү;

Саламаттык сактоо министрлигинин уюмдарында инвентаризациялык контролду жүзөгө ашыруу;

Калк үчүн мобилдик тиркемени иштеп чыгуу.

Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстан үчүн дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө үчүн санариптештирүүнү киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Министрлер кабинетинин буйругу менен экинчи этапты ишке ашырууга республикалык бюджеттен 60 млн сом бөлүнгөн. Ал эми системаны ишке киргизүү боюнча иштер жакынкы аралыкта бүтөт деп ишенебиз”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ведомстводон "Кыргыз Республикасынын дары-дармектеринин жана медициналык буюмдардын электрондук базасы" маалыматтык системасынын долбоорун иштеп чыгуу үч этапка бөлүнгөнүн белгиледи.

Биринчи этапта түркиялык TCHealth Information Technology компаниясы дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын эл аралык маалымдамаларын жана классификаторлорун иштеп чыкты, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар порталы менен интеграцияланды. Долбоордун биринчи этабын Дүйнөлүк банк каржылаган.

Экинчи этапта маркировкалоонун негизинде дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү пландаштырылууда. Ал эми үчүнчү этапта электрондук рецептти иштеп чыгуу жана ММК фондунун маалыматтык системалары менен интеграциялоо, башкармалыктын маалыматын электрондук иштетүүдө жасалма интеллект алгоритмдерин киргизүү пландаштырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости