www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Бейшеналиев көптөн бери шайлоо бүткөн соң коронавирус башталат деп коңгуроо кагып келе жатат. «Өлгөндүн үстүнөн көмгөн» болуп коронавирус келатса элдин сесин алып жатат.

Эмнегедир пандемиядан улам карантин болгон кезде дарыгерлер тууралуу элдин пикири дурус болгон. Бирок, медициналык кызматтын төбөлдөрү пандемия учурунда келген гранттарды кайсап жиберишип, карапайым медициналык кызматкерлерге көлөкө түшүрүп жиберишти. Коронавирус шайлоону күтүп, шайлоодон соң башталган турса, элдин сесин алып жатат.

Буга министр Алымкадыр Бейшеналиев эмне деген жооп айтаар экен. Эл пандемиядан кыйналып жатканда пайданын барын Саламаттыкты сактоо министрлигинин төбөлдөрү көрүптүр. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бир бахиланы 150 сомго саткан компаниянын атын атаган. Дары-дармектер кымбаттап жыргалды дары сатуучу компаниялар көргөн.

Учурда «Осмонбек Артыкбаев жетектеген «Неман» фирмасы 500 түр дарыны арзандатыптыр. Бул да элге болгон жардам. Мамлекеттик органдардын коронавирус пандемиясы учурундагы ишин анализдеген ведомстволор аралык комиссия текшерүүнүн жыйынтыктарын жарыялап, өлкөдө коронавирустун жайылышына алып келген негизги себептерди жана факторлорду атаган: - коронавирус жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги; - калктын жүрүм-туруму, ооруну алдын алууга аракет кылбаганы;

- коронавирустун жеңил түрүн жуктуруп, ооруканага жатуу зарыл болбосо дагы стационарларга чуркаган адамдарды көрүп, элдин дүрбөлөңгө түшүүсү;

- саламаттыкты сактоо системасынын эскиргени, ооруканалар заманбап талаптарга жооп бербейт;

- медициналык жабдыктардын эскиргени;

- Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кемчиликтер;

- медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги; - тез жардам станцияларына күч келиши;

- «118» ыкчам кызматына кайрылгандардын көп болушу;

- медкызматкерлердин коронавирус жуктурган жана андан каза болгон адамдардын кескин көбөйүшүнө психологиялык жактан даярсыздыгы;

- жеке коргоочу каражаттардын жетишсиздиги, коргоочу каражаттардын сапатынын төмөн болушу. Баасы 600-650 сом турган жеке коргонуучу бир костюмду мамлекет 6000 сомго сатып алган учурлар болгон. Коронавирустун алгачкы толкуну маалында өкмөткө караштуу мекемелердин ишинде бир топ мүчүлүштүктөр болгонун атайын комиссия иликтеп чыккан.

Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, жарандык активисттер, көз карандысыз эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү кирген. COVID-19дун биринчи толкунунда мамлекеттик органдардын ишинде төмөндөгүдөй мүчүлүштүктөр болгон: 1.Каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар бар; 2.Коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы.

Тактап айтканда, маанилүү дары-дармектерди камтыган COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган; 3.Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө көчөлөрдү дезинфекциялоо практикасы эч кандай эффект берген эмес; 4.Обсервациянын көбүндө шарт начар болгон. Анткени имараттар стационарларга ылайыкталган эмес.

Медкызматкерлер арасында вирусту кызыл зонада эмес, обсервацияда жуктургандар көп болгон;

5.Дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, ата мекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизмесин 1-июлда гана ала алган. Натыйжада маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алып келинип, ал препараттардын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келген;

6.Гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү натыйжалуу болгон эмес. Мисалы, өлкөгө келген гуманитардык жардам менен ооруканаларга берилген жардамдар тууралуу маалыматтар ортосунда айырмачылык бар;

7.Дарылоонун экинчи протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган; 8.Мамлекеттик органдар комиссияга “Семетей” госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө, ошондой эле профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчёт берген эмес. Кыргызстанда коронавирустун күч алышына эмне себеп болду?

Бир гана оңдоп-түзөөгө 64 млн сом коротулган «Семетей» госпиталынын кейиштүү абалы мындай. Маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы — ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекованын айтканына караганда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн «Семетей» госпиталына 64 млн сом бөлүнгөн:

- 45 млн сом профилин өзгөртүүгө;

- 500 миң сом мончо-кир жуучу комплексти оңдоого;

- 600 миң сом лаборатордук блокту оңдоого кеткен. Дубалдарды көк баскан.

Оңдоп-түзөө иштеринде линолеумдардын кошулган жерлери скотч менен чапталган. «Семетей» госпиталында оңдоп-түзөө иштери болбогондой көрүнөт. Мына көз бойомочулук. Бул акачаларды медициналык атка минерлер капчыгына салышкан. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстанда коронавирус күчөп турганда чет өлкөдөн алынган гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү тууралуу суроолорго жооп берген.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, тышкы саясат каналдар аркылуу мамлекет жетекчилери жана эл аралык уюмдар менен гумжардам алуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун айткан. Данияр Сыдыков жардамдар кийин Кыргызстандын ичинде кандай бөлүштүрүлгөнү боюнча маалыматы жок экенин, ишти башка мамлекеттик органдар жасаганын жана өзү да коронавирус болуп ооруганда дары таппай кыйналганын билдирген: «Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм да коронавирус жуктуруп, илдеттин өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип жатканга оорукана таппай, дары-дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын «Гсын» да көргөн жокпуз»-деген.

Кыргызстан боюнча эки жүздөн ашуун дары-дармек жаатында ишканалар болсо, коронавирус учурунда негизинен 20-30 гана компания дарыларды сатып рынокту көзөмөлдөп, дарынын куну учуп, баасы асмандап кеткен.

Ал эми ал 30 компания өз кезегинде, болгону бир ууч 6-7 адамдын эле карамагына таандык. Дамира Ниязалиева, Акжолтоев, Эсенбеков, Садырбеков, Чолпонбаев, Чумаева, Турдубаев, Шакиров жана башка аптеканын кожоюндары эл мүдөөсүн эске алып, сатыктагы дары-дармектердин баасын төмөндөтүп арзаныраак сатышса, калктын кыжырына тийбей, батасын алышат эле. Чындыгында аларга башка бирөөлөр менен бири ооруп жатабы, бири өлүп жатабы иши эмне? Буларды ким контролдойт?

Бир ууч шылуундардын кыймылын контролго ала турган расмий орган Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыз кылчу департамент (ДЛО -департамент лекарственного обеспечения) талкан сугунгандай эле кырдаалды өз көзөмөлүнөн чыгарып коюшкан. Баягы эле жок болгус коррупция. Уруксат кагаздарын берген орган ала тургандарын алып, кекиртегинен тоголотуп жибергенден кийин, кантип кайра көзөмөл жүргүзөт эле? Коронавирус учурунда булардын аптека түйүндөрүндө дары-дармектер кымбат сатылып, капчыгы “капитальный” кампайып алды.

Булар капчыгын кампайтып алыш үчүн канчалаган көздөн жаш чубурду, алардын аптекаларында дарылар асманды чапчып турат. Коронавирустан карапайым эл кыйналып, жаны жер тартып, ооруп, кара жаны каржалып турду. Капчыгында сокур тыйыны жок, жалдырап караганы мамлекеттик гумжардам болуп турганда, мамлекетибиз мамлекеттей болуп толук кандуу элин колдоп кете албай, мажүрөөлүккө белинен батып, колдон келген чараларын тыңгылыктуу ишке ашыра албай турган учурда элдин убалы кимге эле?

Коронавирустун эмки этабын эске алып «Неман» фирмасы баш болгон дарыканалар дарылардын баасын түшүрө баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости