www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда лиранын долларга карата курсу рекорддук деңгээлге түшкөндөн кийин Анкара менен Стамбулда нааразылык акциялары өттү.

Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Нааразылык акцияларынын катышуучулары өкмөттүн жана бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын мүчөлөрүнүн кызматтан кетишин талап кылышты.

Нааразычылык кечээ кечинде башталып, борбор калаанын ар кайсы райондорунда жана Стамбулда өттү.

Анкарада полиция демонстранттарга тоскоолдук кылууга, анын ичинде тосмолорду орнотууга аракет кылган.

Твиттерде жарыяланган видеодо Стамбулдун Куртулуш районунан полиция чогулган демонстранттарды кармоого аракет кылып, көчөнү тосуп жатканын көрүүгө болот. Дагы бир видеодо митингчилер “Өкмөт отставкага кетсин!” деп кыйкырып жатышканын угууга болот.

Стамбулда тургундар ошондой эле Борбордук банктын имаратынын алдына демонстрацияга чыгышты. Кээ бирлери “Ишиңерди начар аткардыңар, жоопко тартыласынар, өкмөт отставкага кетсин” деген плакаттарды кармап турушту.

Жүрүш маалында демонстранттар казан-аяктарды ургулашкан, деп жазат Cumhuriyet гезити.

Эске салсак, өткөн аптада экономикалык абалдын начарлашынан улам Измирде Түркиянын прогрессивдүү профсоюздар конфедерациясынын мүчөлөрү митингге чыгышкан. Алар жашоонун кымбаттыгына, инфляцияга жана айлык акынын аздыгына нааразы болуп чыгышкан.

2021-жылдын ичинде түрк лирасы экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн валюталарынын ичинен эң начар көрсөткүчтү көрсөттү, деп жазды Reuters. Агенттиктин эсептөөлөрү боюнча  лиранын наркы жыл башынан бери дээрлик 40% га төмөндөгөн, акыркы жумада дээрлик 20% төмөндөө катталган. Түркияда инфляция белгиленген көрсөткүчтөн төрт эсе жогору экенин Reuters агенттиги билдирди.

Дүйшөмбү күнү, 22-ноябрда түрк валютасы биринчи жолу бир доллар 12,9 лира болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости