www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку категориядагы нейрохирург дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкери Елена Баялинова өзүнүн Facebook'тагы баракчасына жазып чыкты.

“Бектемир Курбаналиевич 1953-жылы 5-январда Нарын облусунун Эмгекчил айылында жарык дүйнөгө келген. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту, 1978-жылы ординатураны аяктаган. Аны аяктагандан кийин 1993-жылга чейин Бишкек шаарынын медициналык тез жардам шаардык клиникалык ооруканасында дарыгер болуп иштеген. Андан кийинки 10 жылда кичи мекени Нарын облусунда медициналык бөлүмдү жетектеп иштеген. 2003-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Улуттук госпиталдын №2 нейротравматология бөлүмүн жетектеп келген”, - деп жазган Баялинова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости