www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Офтальмология академиясынын дарыгерлери айрым адамдарда коронавирустун белгилеринин бири конъюнктивит  (көз оору, көздүн былжырлуу оболочкасынын сезгениши) болушу мүмкүн деп эскертти.

Дарыгерлер Кытайдын маалыматтарына таянып, COVID-19 вирусу менен ооруган 30 бейтаптын биринде конъюнктивит диагнозу коюлганын айтышкан.

Америкалык дарыгерлер таянган дагы бир изилдөөдө, Кытайда коронавирус менен ооруган 1099 бейтаптын ичинен 19у конъюнктивит экени аныкталган. Бул маалыматтар өлкөнүн 30 оорукансынан чогултулган.

Стаьянын авторлору көздүн ооруларын бир гана COVID-19 инфекциясы алып келиши мүмкүн деп айтпайт. Бирок, офтальмологдор адамда коронавирусту жуктурган деп биринчи шек санашы мүмкүн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 инфекциясын 11-мартта пандемия деп жарыялаган. Аталган уюмдун акыркы маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча, 510 миң адам жуктуруп, 23,5 миң адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости