www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу дарыясына агып кеткен бут кимге таандык экенин экспертиза аныктады. Бул тууралуу 5news порталына Жалал-Абад облусунун ИИББ маалымат кызматынан Мыктыбек Турдубеков билдирет.

Дарыядан табылган буттун ээси 1962-жылкы Майлуу-Суунун тургуну болуп чыкты. Бул иште кылмыш курамы жок. Бутту атайы эскпертиза иликтеп, ампутация жолу менен кесилгенин судмедэскперттер дароо эле аныкташкан.

“Териштирүүлөр жүрүп, ал бут Майлуу-Суу тургунуна таандык экени билинген. Ал киши оорусуна байланыштуу бутун былтыр ноярь айында кестирип, күйөө баласына көмүп кой деп берген. Чала көмүлүп калгандыктанбы, жакында Майлуу-Сууда сел жүрүп, агызып чыкса керек. Же иттер алып дарыяга таштап койсо керек”-дейт Мыктыбек Турдубеков.

Эскерте кетсек, жергиликтүү тургундар дарыядан адамдын бутун таап алышкан. Милиция бул боюнча териштирүүсүн баштаганы маалымдалган.

Булак: "5news.kg"

Последние новости