www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суюктукту ысык мезгилде эле эмес, суукта да ичип туруу керек экенин Sputnik радиосуна диетолог, нутрициолог Зоя Богданова билдирди.

Адис суюктук аз болсо адамдын каны катарын, суу аптапта адамдын суусунун кандырса, муздакта организмге жылуулук берерин айтты.

"Суу клеткалардын иштешин камсыздап, адамга күч-кубат берет. Деги эле суюктуктун аздыгы ден соолукта бир топ көйгөйдү жаратат. Эртең менен чарчоо, ачуулануу, маанайдын түшүшү, иммунитеттин, эс-тутумдун начардыгы, тырмак менен чачтын жукарышы сыяктуу көйгөйлөрдүн баары организмде суунун жетишсиздигинен улам жаралат. Көздүн көрүүсү да дароо начарлап кетиши мүмкүн, себеби көздүн айнек челинин 90 пайызы суудан турат", — деди дарыгер.

Ошондой эле каны каткан адамдын курсагы бат-баттан ачып, салмак кошуп алышы мүмкүн экени эскертилди.

Богданова адамдын 1 килограмм салмагына 30 грамм суу туура келерин айтты.

"Кеп таза суу тууралуу болуп жатат. Чай менен кофе, тескерисинче, адамды суусатат. Туздуу жана ачуу шорполор, таттуу ширелер да кайра суусатып, кандагы канттын деңгээлин көтөрөт", — деди дарыгер.

Адис сууну көп ичем дегендер аны акырындан башташы керектигин, болбосо организмге күч келерин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости