www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызмат Айдарбеков кайсы бир иш боюнча суракка алынганын да четке какты. УКМКнын маалыматы боюнча, депутат Казакстандын чек арасынан өткөн.
Эскерте кетсек, Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен 26-ноябрда Кордайга сөөк коюу тажиясына бара жатышкан. Алар “Ак-Жол-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өтүп жатканда Жамгырчиевди өткөрүүгө тыюу салынганын айтып, өткөрбөй коюшкан. Кийинчерээк Жамгырчиевди атайын кызматтын кызматкерлери УКМКга алып кетишип, бир нече убакыттан соң ал жерден чыккан.
Эртеси, 27-ноябрда депутат Эльвира Сурабалдиева Айдарбековдун дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg