www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кан тамырлардагы көйгөйлөр, жүрөк, бөйрөк оорулары ысыкта буттун шишишин шарттайт.

 Күн ысыкта бут шиший берсе дарыгерге кайрылуу зарыл экенин терапевт Алексей Хухрев  курган маегинде айтты. Дарыгер мындай абал олуттуу оорулардан, анын ичинде, кан тамырдагы көйгөйлөрдөн кабар берерин түшүндүргөн.

"Ысыкта кан тамырлар өтө чоюлчаак болбой калат. Мындай шартта анда кан канчалык көп айланса, гидростатикалык басым ошончолук чоң болуп бут шиший баштайт", — деген Хухрев.

Ошондой эле терапевт жүрөк оорулары дагы буттун шишине алып келерин белгилеген.

"Ысыкта жүрөк кан тамырларга канды тез-тезден чыгарып турат, бул көбүрөөк энергияны алат. Кимдин жүрөгүнүн насостук функциясы жакшы болбосо, насос канды жакшы тартып чыга албай жатса, анда суу, башкача айтканда, кандын суюк бөлүгү ылдый карай түшүп, бутка кетет", — деп түшүндүргөн Хухрев.

Адис бөйрөк оорулары дагы буттун шишишин шарттай турганын кошумчалаган.

"Күн ысыганда адамдын организмине күч келет, суюктук тер менен да чыгып кетет, азаят. Мындайда бөйрөккө кан көп жетпей, оору күчөшү мүмкүн", — деп дарыгер буттагы шишикти азайтуу үчүн кеңеш берген.

Анын айтымында, буту шиший бергендер аба ырайы кандай болгонуна карабастан кан тамырлардын көөп кетишин алдын алуучу атайын трикотаж кийиши керек.

"Жүрөк оорусу болсо дарыгердин кеңеши менен зарыл дарыларды ичиши зарыл. Көбүүрөөк суу ичүү сунушталат. Суюктук кан тамырлардан булчуңдарга өтүп кетсе органдарга кандын жетиши кыйындайт. Мындайда организмде суюктук жетиштүүдөй болгону менен кан тамырларда кан бир кыйла азая түшөт, андыктан суу ичүү маанилүү", — деген Хухрев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости