www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгер: Тез арыктоо боор циррозуна кептеши ыктымал

Боордун циррозу тынбай спирт ичимдигин колдонуудан эле эмес, тез арыктоого аракет кылуудан да өрчүшү ыктымал. Бул тууралуу гастроэнтеролог Наталья Марченконун айтканына таянуу менен РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, көпчүлүк циррозго спирт ичимдигин ашыкча колдонуу гана себеп болот деп ойлошот. Бирок арыктоо үчүн тамактан дароо баш тартуу да боорго күч келтирип, циррозду өрчүтүшү мүмкүн.

"Диета кармап же ачка болуп салмак таштаган күндө да май жөн эле жоголуп кетпейт. Ал организмдин бардык клеткасынан боорго түшөт. Салмакты дароо таштаганда май боордо топтолуп, андан чыкканга жетишпей калат. Адам арыктай берет, бирок ошол эле учурда аталган орган жабыркайт. Мындай өзгөрүү боор циррозуна алып келиши ыктымал", — деген медик.

Дарыгер адам өтө семиз болсо, медициналык кароодон өтмөйүн тез арыктоого аракет кылбашы керектигин белгилеген. Мындай адамдар ашыкча салмактан адистин жардамы менен арылышы зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости