www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Градусник сынганда эмне кылуу керек? ӨКМ жооп берет

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги градусникти колдонуу жолдорун айтып берет.

Бөлмө ичинде градусник сынып, ртуть майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз.

Жердеги ртуть затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн лейкопластырь медициналык каражаттын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт.

Чогултулган ртутту суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.

Ртуть төгүлгөн жерди самын жана соданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.

Ртуть затына уулануунун белгилери:

— Адам ртутка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;

— Алсыз болуу;

— Табиттин жоголушу;

— Баш оору;

— Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;

— Ооз көңдөйүнүн канашы;

— Ич оруу;

— Көңүл айнуу, кусуу;

— Ич өтүү;

— Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости