www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлер боордун күтүүсүз кармаган белгисин аташты

Британиялык дарыгерлер боордун көпчүлүк билбеген, өзгөчө белгиси тууралуу маалымат беришкенин РИА Новости жазды.

Адистердин айтымында, боор ооруганда ооздон башкача жыт чыгып калат. Бул күтүлбөгөн жерден пайда болушу ыктымал. Ошол себептен медиктер организмде кандайдыр бир өзгөрүүлөр байкалса, дароо дарыгерге кайрылууну сунушташкан.

"Боор оорусу инфекцияларга каршы иммунитетти төмөндөтүп жибергени менен кооптуу. Аталган органы ооруган адамдар тез-тез тумоолошот", — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, колдун калтырашы, тарамыштын тырышып калышы боордун илдетинин олуттуу белгилерине кирет. Мындай бейтаптар көп уктап, так эмес сүйлөп, чарчаңкы абалда жүрүп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости