www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эч качан пара албаймын» дегени менен Бейшеналиевдин «аурасы» пара дегенде кыпылдап турчу. Ошол үчүн индиялыктардан силкип ири өлчөмдөгү пара алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинен улам Билим министринен ала салды. ИИМге келип түшкөн жабырлануучунун өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары тарабынан билим берүү жана илим министри ири өлчөмдө пара алуу учурунда кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге Ата Мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча Өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгондугу аныкталган. Андан соң токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетиш үчүн дагы 10.000 доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган. Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри өзгөчө ири өлчөмдө 110.000 миң АКШ долларын пара катарында алгандыгы тастыкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди.

Министрдин айтымында калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды. Калган маалымат тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча айтылбайт. Тергөө иш чаралары аяктаганда толук маалымат берилет. Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып Бейшеналиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда. Ал эми Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн эч кандай күнөөсү жок экенин, тергөөдө бардыгын далилдеп берээрин журналисттерге билдирди. Ал сот залына кирип бара жатып “пара” делген акча каражаты билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айтты. Бирок, ал долбоордун атын атаган жок.

Пара алуу фактысы боюнча эки айга камакка алынган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Индиянын жараны Поту Фани Бхушан менен тааныштыгы тууралуу айтып берди. Министр кармалгандан кийин коомчулукта чиновник Поту Фаниден акча алышы мүмкүн деген пикирлер айтылган. Алмазбек Бейшеналиев өзү Индия жараны менен тааныш экенин билдирди. Бирок андан каражат алуу маселеси боюнча комментарий берген жок. Буга чейин ал чет элдиктен алынган акча университеттин курулушуна багытталганын, бул инвестиция экенин белгилеген.

Поту Фани Бхушандын ысымы буга чейин Индия менен Пакистандан чет элдик студенттерди алып келген жана салык төлөбөгөн компанияларды жалдоо боюнча журналисттердин иликтөөсүндө пайда болгон. Авторлор медициналык окуу жайдын мафиясы эң жогорку чекке жеткенин, чет элдиктерге бизнес куруп алгандар атүгүл өлкө жетекчилерине да жолугуп жатканын баса белгилешкен.

Поту Фани Бхушан Эл аралык жогорку медициналык мектебинин проректору. Бул университеттин кызматкери Ядав Сунал КММА менен келишим түзгөн SK CAREER Builder компаниясынын директору болгон. КММА Индиядан келген студенттердин негизги жеткирүүчүсү Поту Фани Бхушанды тааныбайбыз деп айтканына карабастан, ал Ядав Сунил жана КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен бир иш-чарада болушкан. Үчөө Баткендеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин курулушуна капсула салууга катышкан.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мамлекет башчысынын Поту Фани Бхушан менен таанышканын анын кабинетинде тартылган дагы бир сүрөт тастыктап турат. 28-сентябрда Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон. Ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн опузалап акча талап кылганы айтылган.

Бейшеналиевдин бетинде мектеп директору тууралуу тактар бар. Себеби пара берген директорлорду ордуна калтырып, пара бербеген директорлорду кызматынан алып келатат. Мектепти 20-30 жылдап “минип” алган директорлор кызматтан кетет деген Жарлыкка кол коюлган. Министр Бейшеналиевке жага бербей бул ишке шымааланып киришкен. 41 жыл директор болгондор бар экен, калган 996 директордун көпчүлүгү 30-40 жыл мектеп директору, пенсиядагылар. Бул мыйзамды көпчүлүк 30-40 жылдап иштеп жаткан директорлордон кутулабыз деген үмүт менен күткөн. Көрсө Бейшеналиевдин жөн эле чампылдамасы экен. Эки миңден ашуун мектеп директорлорунан пара алуу үчүн Бейшеналиев жаңы мыйзамды «жуда» пайдаланыптыр.  Ач министр эптеп директорлордон өөнөсө керек. Албетте, бул жарлык  жакшы жаңылык. Мектептин директору - бул азыркы тил менен айтканда - менеджер, башкарма. Анын жоопкерчилигинде жалпы окуу процесси, окуучуларга жакшы шарт түзүп берүү, инновация, коллективди жогорку деңгээлдеги билим, Квалификация алуу, жылуу атмосфера мугалимдердин жана окуучулардын ортосунда,  жалаң эле экономикалык жана чарбалык маселелерди чечүү эмес. Эң башкы - тарбия! Орто мектептин максаты - баланы окуганга үйрөтүү, ал эми жогорку окуу жайдын максаты - окутканды үйрөтүү. Мамлекеттин башында он жылдап отургандар деле өлкөнү "застойго", экономиканы стагнация алып келишпедиби.Ошон үчүн, жакшы жарлык болду. Тагыраагы, мектептин директорлору дагы бат- бат алмашып турушу керек эле.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости