www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиялык окумуштуулардын изилдөөсү сүт азыктары экинчи типтеги кант диабетинин өрчүү тобокелчилигин азайта турганын көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, канттын жогоруда аталган түрү башкаларына салыштырмалуу көбүрөөк тараган. Ал уйку без инсулинди жетиштүү көлөмдө иштеп чыга албай калганда пайда болот.
Оору өрчүп кетпеш үчүн адистер жашылча-жемиш, зайтун майын, дан азыктарын сунушташкан. Ошондой эле сүт азыктары дагы миңдин бири. Окумуштуулар бир стакан сүт экинчи типтеги кант диабетинин өрчүү тобокелчилигин 10 пайызга азайтса, кефир менен быштак беш пайызга, табигый йогурт алты пайызга төмөндөтө турганын аныкташкан.
"Сүт азыктары витаминге жана башка биологиялык активдүү кошулмаларга бай. Алар глюкозанын метаболизмине жакшы таасир этип, организмде кантты кайра иштетүүгө көмөктөшөт", — деген адистер.
Дарыгерлер бул азыктарды аша чаппай, аз-аздан колдонууну сунушташкан.
Булак: NazarNews.kg