www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-сентябрда Лондондо каныша Елизавета II менен коштошуу зыйнаты аяктап, сөөгү жерге берилди. Мамлекеттик деңгээлдеги тажыяны Британ биримдигине кирген мамлекеттердин коомдук телеканалдары түз алып көрсөттү.
Вестминстер-холлунан табыт падышалык үй-бүлөнүн коштоосунда Вестминстер чиркөөсүнө жеткирилди. Ал жерде коштошуу зыйнаты өттү. Ага падыша Чарльз III, падышалык үй-бүлө мүчөлөрү, архиепископ , Улуу Британиянын премьер-министри Лиз Трасс, ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрү катышты.
Ага эки миңдей адам чакырылган. Елизавета II тажыясына чет элдик мамлекеттердин лидерлерин жана башка аткаминерлерин кошкондо 500дөй адам келди.
@planetarx похороны Елизаветы II
♬ оригинальный звук - новости
Ал эми Елизавета II тажыясына чакырылган Американын лидери Джо Байден протоколду бузуп, өзүнүн жеке унаасы менен барган. Байден башка лидерлер менен чогу бир автобуста баруудан баш тарткан.
Ошондой эле ал көңүл айтуучу китепке атайын даярдап келген кагаздан көчүрүп жазган.
Булак: NazarNews.kg