www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дарыгерлердин айлыгын 50 же 100 пайызга көтөрүү пландалууда

 Дарыгерлердин айлыгын 1-апрелден тарта 50 же 100 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, минималдуу 50%, мүмкүн болсо 100%га чейин көтөрүлөт.

“Учурда участкалык дарыгердин айлыгы 10 миң сомду түзөт. Бирок эмгек стажына үстөк акыларды кошкондо 15-20 миң сомго жакын акча алышат. Калган дарыгерлердин айлыгы 7,5 миң сомду түзөт жана башка төлөмдөр менен 13 миң сомдон 15 миң сомго чейин алышат”, - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости