www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында мурдагы ички иштер министри, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотович акыркы сапарга узатылды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана анын орун басарлары, ИИМдин «Генералдар клубунун» төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, милиция кызматкерлери жана ички иштер органдарынын ардагерлери, Молдомуса Конгантиевдин жакын сааналаштары жана жакындары катышты. М. Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелине чейин Ички иштер министрлигин жетектеген.

Молдомуса Конгантиев 12-февралда 63 жашында көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости