www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү документи жок дары-дармек саткан 84 дарыкана аныкталды. Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти Кыргызстандын аймагында лицензиялык талаптардын сакталашына карата дарыканаларга текшерүү жүргүзгөн. Лицензиялык көзөмөл жүргүзүү мезгилинде тиешелүү уруксаты жок дары-дармектерди саткан 84 дарыкана аныкталган:

1. Бишкек шаарында – 30;

2. Нарын облусунда – 5;

3. Талас облусунда – 8;

4. Ысык-Көл облусунда – 4;

5. Ош шаарында – 37.

Аталган мыйзам бузуучуларга карата мыйзамда белгиленген тартип чаралар көрүлүш керек. Кыргызстанда дарылар акыркы айларда 5 тен 20% кымбаттады. Мындан ары да кымбаттары бышык. Учурда Кыргызстанда 389 дарылардын түрү Украинадан келгени катталган, булар жүрөк кан-тамырына препараттар, анальгетикалар, витаминдер, наркотикалык каражаттар. Орусия тараптан алардын ордун толукташ үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандан чыккан дарылар 3 пайызды гана түзөт, ал эми 97% дарылар дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келет.

2021 жылы 15 млрд 500 млн сомго дары жана медицинага керектүү каражаттар 3 млрд 937 млн сомго сатып алынган. Бардыгы 19 млрд 493 млн сомго. Ал эми 2022 жылдын 1 кварталына 7 млрд 118 млн сом кетти. Бизге дары берип турган мамлекеттер:  Орусия (15%), Индия (12%), Германия (11%), Түркия (9%), Словения (7%), Польша, Украина, Франция, Беларус. Дарылардын 6186 түрү болсо 839 орусиядан, 389 — украинадан келет.

Кыргызтанда канча дарыкана болсо да дарыларга талаптар абдан жогору. Азыркы учурда ар бир короодо дарыкана бар десек жаңылышпайбыз. Азык-түлүккө жетиш үчүн жандалбастайбыз, ал канчалык жашоого керек болсо, дары да күнүмдүк жашоо үчүн эң зарыл оокат. Ушундай кымбатчылыктан пайдаланып дарылардын баасын көтөргөн арам тамактар чыкты. Дарыларды кымбаттатып, акчага шүйшүнүп жаткандар кайсы капчыктуулар, ушул максатта дарыканаларды уюштуруучулардын жана жетекчилеринин тизмелеринин негизинде фармокологиялык иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандардын реестрин карап, кимдер лицензияларды алгандарына көз жүгүрттүк. Реестр боюнча Бишкекте 190 дарыканаларды тейлей турган ЖЧК жана ишканалар бар.

Ири дарыканалар тармагын бети жоктугу менен элге даңазасы чыккан адамдар тейлейт. Уялчактыгы менен атагы чыккан, депутаттардын эл менен автобуста жүрүүсүнө тыюу салган экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин кыздары - Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна менен Жолдошбаева Гулиза Камчыбековна «Герамед» ЖЧКсынын уюштуруучулары жана жетекчилери болуп саналат.

Элдин эмгегин жеп рейдерлик менен байыган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да дарыкана бизнесинде кур калган эмес. Анын бир тууганы  Бабанова Кынабу Токтогуловна - «БИМЕД Фарм» ЖЧКсынын уюштуруучусу жана жетекчиси болуп саналат.

«Фармамир» ЖЧКсынын уюштуруучусу жана жетекчиси - Садырбаева Жылдыз Эсенбековна - Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты. «Фармамир» ЖЧКсы 20 жылдан бери элдин эмгегин жеп,  Бишкек шаарында 36 дарыканага кожоюндук кылат. Бул жерде «ФАРМАМИР» дарыканалар тармагында 150 адам эмгектенет. Компания ТОП-200 Кыргызстандагы ири компаниялардын арасында 76 орунду ээлейт. 2021 жылы  24,4 млн сом салыкка төккөн, калгандарын капчыгына кымтып койгон.

Анын агасы көпөс Садырбаев Насирдин Эсенбекович «ИМЭКС» ЖЧКсынын уюштуруучусу жана жетекчиси болуп саналат.
Экс-депутат Садырбаева Жылдыздын көрөр көз жубайы  Акжолтоев Нурбек Жапыкеевич «Эляй» - фармкомпаниясынын уюштуруучусу жана жетекчиси болуп саналат. Бул компания дарыларды сатуу боюнча эң ири ишкана. Фармацевтик тармакта «Эляй» компаниясынын үлүшү 30% болуп эсептелинет.

Медикаменттерди 745 точкадан алып келишип, штатта 121 кызматкери бар. 8000 чарчы метр жерди эле складдары ээлеп жатат.

Банкир жана  экс-депутат Мукашев Муратбек Осмоналиевич ОсОО «Бифарм» ЖЧКсынын уюштуруучусу жана жетекчиси болуп саналат.
Масалиева Айчүрөк Абсаматовна - депутат Исхак Масалиевдин карындашы- «Метрополь» (аптека №1) - ЖЧКсынын уюштуруучусу жана жетекчиси болуп саналат. Бишкек шаарынын борборунда Фрунзе көчөсүндө 340 жайгашкан.

«НЕМАН-ФАРМ» ЖЧКсынын уюштуруучусу жана жетекчиси болуп Артыкбаев Эмил Осмонбекович  саналат. Жогорку Кеңештин экс-депутаты  Осмонбек Артыкбаев жакында 500 дарыны арзандатып эл-журтунан бата алган. ТОП-200 ири компаниялар тизмесинде 13 орунду ээлейт.  «Неман фармда» 1500 адам иштейт. Былтыр компания  бюджетке салык катары 96,3 млн сом төккөн. Бул тармакта  20 дан ашык дарыканалары бар.

Артыкбаев Субанбек Мамбетжанович - экс-депутат Осмонбека Артыкбаева иниси.- ASIAN MED TRADE ( «ФАРМ-СЕРВИС» дарыканалар тармагынын) уюштуруучусу жана жетекчиси болуп саналат. Бул тармакта шаар боюнча 30 дарыканасы бар. ТОП-200 ири компаниялар тизмесинде 127 орунду ээлейт.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости