www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 18-майда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алганын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуунун негизги маселелерин, бул багыттар боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Орусиядагы иштеп жаткан кыргызстандыктардын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашты.

Кыргыз-Орусия саясий диалогунун жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирүү менен, Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөө максатында бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, деп айтылат маалыматта.

Тараптар ошондой эле алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны жана Биринчи Евразия экономикалык форуму тууралуу пикир алмашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости