www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүү фактысы бөгөттөлдү, деп маалымдады, УКМКнын Чек ара кызматынын Чүй облустук башкармалыгы.

Маалыматка ылайык, нөөмөттөгү чек арачылар чек ара сызыгына жакын жерде Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны көрүшкөн. Жерине барган кызматкерлер Чүй дарыясын кечип Казакстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган аялды аныкташкан. Текшерүүдө аялдын жанында өздүгүн тактай турчу документтер болгон эмес. Аялдын айтымында, ал Өзбекстандын 1985-жылы туулган У.М.Р. аттуу жараны. Андан аркы териштирүүлөр үчүн аял компетенттүү органдарга өткөрүп берилген.

Последние новости